Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Серб президенти футбол чемпионатында шарап ачканы үчүн соттолот


Серб соту президент Борис Тадичти Сербия Дүйнөлүк футбол чемпионатына жолдомо алганда шампан ачуу менен хулиганизмге каршы мыйзамды бузду деп айыптады. Президенттин пресс-кызматы Тадич сот алдына 1-декабрда келээрин бышыктады. 10-октябрда Сербия Румынияны жеңип алганда, Тадич жана башкалар Белграддагы Кызыл Жылдыз стадионунда шарап ачып, майрамдашкан эле. Күнөөлүү деп табылса, мамлекет башчысы 750 долларга чукул айып төлөп, же 60 күнгө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG