Балдардын укуктары боюнча БУУнун Конвенциясынын 20 жылдыгына арналган балдардын бул форумуна өлкөнүн бардык аймактарынан балдар катышат. Алардан тышкары бийлик бутактарынан, эл аралык уюмдардан жана жарандык коомдон өкүлдөр чакырылды. Бул форумда жарандык коом президенттин алдында балдардын укуктары боюнча комиссия түзүү демилгеси менен чыгаары күтүлүүдө. (BuS)