Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Премьер-министр баага TVде түшүндүрмө берди


Электр кубатына, жылуулукка баанын кымбатташы саясий чайкоочулук менен коштолууда. Мындай пикирин 5-каналдын кечээ кечки телеберүүсүндөгү түз эфирде премьер-министр Данияр Үсөнов билдирди:

- Үч бөлмөлүү батирге 15 миң сом төлөө керек болот деп, саясий чайкоочулук өңүтүндө басма сөздө пайда болгон маалымат – жалган, - деп төгүндөп, социалдык коргоого муктаж адамдарга өкмөт компенсаиця төлөп берет, милдетин алат деп убада кылды. Электр кубаты жана жылуулук үчүн жаңы баа саясаты боюнча калкка кошумча түшүндүрмөнү түз эфирде Бишкек шаар мэри Нариман Түлеев да берди.
1-январдан баштап ай сайын бир бөлмөлүү үйдүн жылуулук үчүн акысы 1732 сом, эки бөлмө үчүн 2112 сом, үч бөлмө үчүн 2301 сом болот. Бул эки жарым эсеге жакын. Ошондой эле электр кубатына баа эки эсе көп төлөнөт. Кымбаттатуунун экинчи баскычы июль айында башталат.
Өкмөттүн бул чечимин оппозиция элге каршы саясат деп, элди каршылык акциясына чакырууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG