Бул маанилүү документтин кабыл алынганынын жыйырма жылдыгын утурлай жасаган билдирүүсүндө Улуттар уюму дүйнө өлкөлөрүн азыр да тамак-аштын тартыштыгынан, турак –жай менен таза суунун жоктугунан жапа чегип келе жаткан бир миллиарддай жаш балага жардам көргөзүүгө чакырды. БУУнун Балдар укуктары боюнча 1989-жылы кабыл алынган конвенциясы адам укуктары боюнча келишимдер арасынан эң көп колдоо тапкан документ. Азыркыга чейин 193 мамлекет тарабынан ратификацияланган. Колдоосун АКШ менен Сомали гана көргөзө элек. БУУнун балдар уюму – ЮНИСЕФтин эсебинде, конвенция балдар өлүмүн кыйлага кыскартты, мектепке келген балдардын санын бир топко көбөйттү.