Румыниядагы шайлоодо президенттик кызмат үчүн 12 талапкер ат салышууда. Алардын ичинде азыркы президент Трайан Бэсеску менен Сенаттын төрагасы Мирчи Жоанэ алдыга озуп чыгышы ыктымалдыгы жоромол кылынууда. Эгерде бул ирет бир да талапкер утуш үчүн жетиштүү добуш ала албай калса, анда шайлоонун экинчи айлампасы 6-декабрда өтөт. Румыния алты аптадан бери дээрлик өкмөтсүз жашап жатат. Октябрда парламент коалициялык өкмөткө ишеним билдирбей, аны таркаткан. Румын президенти премьер-министрликке сунуш кылган улам башка талапкерди депутаттар четке каккан болчу. Бүгүн өлкөдө парламентти реформалоо маселеси боюнча референдум да өтүүдө.