Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Казакстан Ооганстанга буудай экспорттойт


Бул тууралуу кечээ Ооганстан боюнча сапардан кайтып келген казак тышкы иштер министри Канат Саудабаев билдирди. Анын айтымында, Казакстан буудай экспорттогондон тышкары Ооганстандын түрдүү адистерин окутуп, кесиптик кайра даярдыктан өткөрүп берет жана жылына 200дөй ооган студентин да кабыл алмакчы. Бул максатта алдыдагы беш жылда Казакстан 50 миллион доллар сарптайт. Казак - ооган алакаларын талкуулоо үчүн министр Саудабаев Кабулда ооган президенти Хамид Карзай менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

XS
SM
MD
LG