Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Ооганстан боюнча чечим эмки аптада жарыяланат

Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама кечээ (23-ноябрда) кеңешчилери менен Ооганстанга кошумча аскер жиберип-жибербөө маселесин талкуулады. Кеңешмеге вице-президент Жо Байден, мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон жана коргоо министри Роберт Гейтс катышты. Жолугушуунун соңунда эч кандай расмий билдирүү жасалган жок. Ак-Үйдүн маалымат катчысы Роберт Гиббс чечим эмки жуманын башында жарыяланышы мүмкүн деп билдирди. Вашингтон Ооганстанга 40 миңден ашуун аскер жиберүүнү караштырууда.
XS
SM
MD
LG