“Азаттыкка” Ошто жашаган чет элдик Майкл Бөрд деген жарандан келген катта айтылгандай, христиан чиркөөсүнө сыйынып жаткандарга өзүн “мамлекеттик дин комиссиясынанмын” деп тааныштырган өкүл келип, миссионерлердин күбөлүгүн талап кылган. Мындан тышкары миссионерлердин жанындагы кыргыз, өзбек тилдериндеги Инжил китебин, балдарга христиан дини тууралуу маалымат берүүчү кыргыз, өзбек тилдериндеги аудио жана видео материалдарды атайын текшерүүдөн өтмөйүнчө колдонууга болбой тургандыгын эскерткен. Кат ээсинин билдирүүсү боюнча, чиркөөдө мындай сыйынууга жол бергени үчүн чиркөөнүн Дима аттуу пасторуна куугунтук жүргүзүлүп жатканы белгиленген.
Чет элдик жарандын катында айтылган маалыматтар боюнча Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы эч кандай маалымат жоктугун “Азаттыкка” билдирди. Бул мекеменин басма сөз катчысы Рысбек Быкын уулунун айтуусунда, Кыргызстандын аймагында бардык динди жайылтууга багытталган адабияттар алгач тиешелүү текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Ушундай эле талапты Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Каныбек Осмоналиев да “Азаттыкка” билдирди. Анын кошумчалаганы боюнча, сырттан келип, дин жайылтууну көздөгөн бардык миссионерлер мыйзам боюнча аталган агенттиктен дин жайылтууга укук берген күбөлүк алуусу зарыл.(ZKo)