Маркум Медет Садыркуловдун аялынын адвокаты Леонид Лужанский эгер кылмыш ишинде жаңы жагдайлар табылса кайра сотко кайтарылышы мүмкүндүгүн билдирди. Анын айтымында, президенттик администрациянын мурунку башчысынын өлүмүнө байланышкан иш боюнча Жогорку Сот чечим чыгарган жана ал жаңы жагдайлар ачылмайынча кайра каралбайт. Адвокат бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары толук жүргүзүлбөгөнүн, маркумдун жакындарынын өтүнүчү аткарылбай кошумча экспертизалык иштер жүргүзүлбөгөнүн кошумчалады.
Медет Садыркулов быйыл 13-мартта табышмактуу жагдайда автокырсыктан каза тапткан. (EBM)
Медет Садыркулов быйыл 13-мартта табышмактуу жагдайда автокырсыктан каза тапткан. (EBM)