Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:36

Иранда ондогон студенттер камакка алынганы айтылды


“Иранда адам укугун коргоо боюнча эларалык жараян” деп аталган уюм өлкөдө ондогон студенттер камакка алынганын айтып чыкты. Буга чейин бийликтер жаштарды 7-декабрда өтө турган "студенттер күнүндө" демонстрацияга чыкпоого үндөгөн эле. Оппозициянын айрым активисттери бул күнү да 12-июндагы президенттик шайлоодон кийинкидей ири демонстрацияга чыгышаарын айтышкан. Ондогон студенттер камакка алынганын укук коргоочу уюмдан сырткары айрым интернет-сайттар да кабарлап жатышат.

 

XS
SM
MD
LG