Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Бүгүн экс-министр А.Жекшенкуловдун соту болот


Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “Акыйкат үчүн” кыймылдын лидери Аликбек Жекшенкуловдун соту улантылат. Эсеп палатасынын өкүлү өткөн аптадагы сот жараянында А.Жекшенкулов Тышкы иштер министри болуп иштеп турганда Кытай гранты боюнча текшерүү жүргүзгөнүн, анда каражат уурдоо, мамлекетке зыян келтирүү болбогонун белгилеп, мамлекеттик сатып алууда тендер өткөрүлбөгөнүн айткан. Аликбек Жекшенкуловго Тышкы иштер министри болуп турганда казынага 690 миң сомдук зыян келтирген деген кине менен кылмыш иши козголгон. Ага дагы бир кылмыш иши козголуп, анын белекке алган тапанчасынан Таласта түрк ишкери Сервет Четин атып өлтүрүлгөн делип айып тагылууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG