Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

Германия өзөктүк куралы бар Иран “кабыл алынгыс” деп эсептейт


Бул тууралуу немец тышкы иштер министри Гидо Вестервелле бүгүн ачылып жаткан эл аралык жыйынды утурлай айтты. Немец дипломатиясынын башчысы кечээ Венада атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин жетекчиси Мохаммед эл-Барадейи менен жолукту. МАГАТЭ болсо бүгүнтөн тарта Ирандын өзөктүк программасы боюнча эк күндүк жыйын өткөрүүгө даярданууда.

Дүйнөнүн ири державалары учурда Иран анын аз байытылган ураны өзөктүк отунга жарагыдай болуп чет өлкөдө байытылышын караган келишимди кабыл алуусун көздөөдө. Тегеран буга азырынча расмий жообун бере элек.

Дипломаттардын айтымында, Британия, Кытай, Франция, Орусия, АКШ жана Германия бүгүн башталап жаткан жыйында учурдагы туңгуюк кырдаалга байланыштуу резолюция добоорун сунуш кылат. Немец тышкы иштер министри Гидо Вестервелле Венадагы маалымат жыйында белгилегендей, алар Иран менен диалог жүргүзүү үчүн ачык, бирок ошол эле учурда Иран алардын чыдамы түбөлүккө эмес экенин да билип коюшу керек.

XS
SM
MD
LG