Кытай абага уулуу газдардын бөлүнүп чыгышын кыскартаарын жарыялады. Бээжин эмки айда Копенгагенде башталып жаткан дүйнөлүк саммитте Жердин ысышына алып келген терс процесстерди азайтуу чөйрөсүндө өзүнө милдеттенме алат деп күтүлүүдө. 7-18-декабрда өтчү конференцияга Кытай өкмөт башчысы Вен Жибао катышмакчы. Ак-Үйдүн маалыматына ылайык, 9-декабрда Дания баш калаасына президент Барак Обама барат. 65ке жакын өлкөнүн лидерлери Киото протоколун алмаштыра турган документтин үстүнөн иштешмекчи. АКШ жана Кытай газ эмиссиясы боюнча дүйнөдө биринчи орунда турушат.