Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Германиялык генерал Ооганстандагы соккуга байланыштуу кызматтан кетти


Германия армиясынын жогорку өкүлү сентябрда Ооганстанда болгон аба соккусуна байланыштуу кызматынан кетти. Чабуулдан ондогон бейкүнөө адам ажал тапкан. Коргоо министри Карл Теодор цу Гуттенберг Бундестагдагы талкуу учурунда ырастагандай, башкы инспектор Волфганг Шнайдерхан окуя жөнүндө так эмес маалымат берген. 4-сентябрда Кундуз чөлкөмүндө талиптер күйүүчү май ташыган машинаны басып алганда германиялык кол башчы НАТОдон сокку урууну өтүнгөн. Ооган бийликтери чабуулдан 100дөн ашуун адам, анын ичинде кеминде 30 карапайым ооган набыт болгонун маалымдаган. Кундуздагы окуя Германияда терс реакция жаратты. Сурамжылоолорго ылайык, немистердин көбү өлкө аскерлеринин Ооган согушуна катышуусуна каршы.

XS
SM
MD
LG