“Замандаш” журналы “Жыл мыктысы” сынагын беш жылдан бери өткөрүп келет. Эмгеги менен элге таанылган ар тармактын өкүлдөрүн тандоо бир жума мурда башталды. Калаанын эл көп чогулган жерлеринде студент кыздар социологиялык сурамжылоо жүргүзүшүүдө. Тургундар чыгаандарды тандап, анкета толтурат. Сурамжылоо жүргүзгөн кыздардын бири Асылдын айтымында, иш-чарага катышкандар арбын болууда:
-Биз эки күндөн бери көчөгө чыгып, сурамжылоо жүргүзүп атабыз. Кечээ орто эсеп менен эки жүздөй адам катышты. Бүгүн кечке чейин андан ашат го деп турабыз. Мына, чоң стол, отургуч, калем саптарды даярдап койгонбуз. Каалагандар отуруп, ойлонуп кимди ушул жылдын мыктысы деп эсептесе, анын ысымын жазып коет. Кары-жаш дебей, сурамжылоого катышкандар арбын.
Өмүрбек Коңкошев Бишкектин тургуну. Ал жаңы эле аталган сурамжылоого катышып, жылдын мыктысы деп эсептеген адамдарга добушун берди:
-Мындай иш-чараларды өткөрүп туруу керек. Элден өткөн сынчы жок эмеспи, андыктан жалпы калк татыктууларды тандашы керек. Коом үчүн жан үрөп иштегендерди, өз тармагында чоң ийгилик жараткандарды баалап турсак, аларга бул жакшы стимул болот деп ойлойм.
Кийинки маектешибиз мектеп окуучусу Бурул дагы татыктууларды тандады. Эми ал өзү тандаган мыктылар жеңүүчү болуп чыгат бекен деп сынактын жыйынтыгын күтөөрүн айтат:
-Эгерде татыктууларды биз танбасак, алар өздөрү “Мен мыктымын” деп чыкпайт да, туурабы. Мен дагы көрүнүктүү адамдарга добушумду бердим, мисалы “Жылдын мыкты ырчысы” номинациясына Омарды, “Мыкты спортсмен” дегенге Бегалиевди жаздым. Эми алар утуп кетсе экен деп атам.
Аталган сынакта “Жылдын мыкты ишмери”, “Мыкты журналист”, “Жылдын алыстагы сыймыктанчу инсаны”, “Жылдын ырчысы”, “Жылдын мыкты өндүрүш ишканасы” сыяктуу баш-аягы он беш номинация көрсөтүлгөн. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Айнура Алмасбек кызы “Азаттыкка” буларды айтты:
-Иш-чаранын максаты өзүбүзгө упай топтоо же көңүл бурдуруу эмес, улуттук чыгаандарды, жергиликтүү продукцияны же жүк көтөргөн атуулдарды колдоо. Сынактын аркасы менен мыктынын мыктысы болгондорго же иш-чараларга өзүбүз эмес, калың элдин аркасы менен баа берүүгө жетишип атабыз. Ошондой эле биздин сыйлык аларга стимул болот деп турабыз. Анан калса азыр баардыгы жылуулук кымбаттады деп пассивдүү маанайда болуп атканда, элге аз да болсо жагымдуу маанай тартуулоону да жамаатыбыз менен максат кылып койдук.
Айнура айымдын айтымында, сынак үч баскычта өтөт. Алгач социологиялык сурамжылоо жүрөт. Андан озуп чыккандарга калк интернет аркылуу добуш берет. Андан сон эки сыноодон алдыга кеткен мыктыларды атайын түзүлгөн комиссия тактайт. Ошентип, мыктынын мыктыларына декабрдын соңунда “Замандаш” журналы салтанаттуу түрдө жарыялап, сыйлык тапшырат.