Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:11

АКШ – Орусия келишимин даярдоо мөөнөтү артка жылды


Стратегиялык же өзөктүк куралды кыскартуу боюнча жаңы келишимди даядоону аяктоонун мөөнөтү артка жылып жатканы тууралуу америкалык тарап кабарлады. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Иан Келлинин билдиргенине караганда, Москва менен Вашингтон документтин соңку текстин жыл аягына чейин макулдашууга аракеттенет. Мурда келишимди түзүүнүн акыркы мөөнөт катары 5 -декабрь аталып жаткан. Анткени мурдагы келишимдин мөөнөтү ушул күнү аяктамак. Быйыл июлда Москвада өткөн саммитте президенттер Барак Обама менен Дмитрий Медведев алдыдагы жети жылдын ичинде өз өлкөлөрүнүн өзөктүк дүрмөттөрүнүн санын 1500ден 1675ге чейин кыскартууну макулдашкан.

XS
SM
MD
LG