Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Ошто СИЗОдон качкандар кармалды


ИИМ басма сөз кызматынын маалыматы боюнча бүгүн саат үч жарым ченде Оштогу СИЗОдон киши өлтүрдү деп айыпталып, камалып турган үч киши качып кеткен. Бул окуя тууралуу милицияга бир сааттан кийин дайын болгон. Качкындарды кармоо үчүн “Сирена” аттуу атайын план түзүлүп, ага Баткен, Жалал-Абат, Ош облустарынын жана Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы тартылган. Натыйжада бүгүн түшкө жуук Кара-Суу районунун Асан-Чек айлынан качкындар: 24 жаштагы Давранбек Инамов, 33 жаштагы Союзбек Калдаров жана 38 жаштагы Нурмухамед Муллажанов кармалып, кайрадан СИЗОго алынып келинди.

Эки ай мурун Ош шаарындагы Улуттук коопсуздук кызматынын СИЗОсунан да үч киши качып чыгып, көп өтпөй кармалышканы белгилүү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG