Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Чет жердеги кыргыздар да Курман айтты белгилешүүдө


Түркиянын Стамбул шаарында окуп жана иштеген кыргыздар Курман айт майрамын белгилеп, курмандык чалып, таттууларды даярдашкан. Бул тууралуу кыргыз жаштарынын коомунун мүчөсү Надира Момбекова “Азаттыкка” билдирди. Ал эми Москвадагы “Ала-Тоо” коомдук уюмунун жетекчиси Жамиля Бегиеванын айтымында, ал жакта майрам кыргыздардын эртең менен эрте айт намазга баруусу менен башталган. “Коомдук уюмдар майрамга байланыштуу иш-чараларды уюштуруп жатышат. Колунда барлар, “Кыргыз биримдиги” жана “Достук” деген уюмдар балдарды таштап кеткен үйлөргө, муктаж адамдарга жардам беришти”, - дейт Ж. Бегиева. Ал эми “Ала-Тоо” коомдук уюму Москвадагы кыргызстандыктарга маданий кече уюштурган. Элчиликте да бул майрам белгиленип, коомдук уюмдардын жетекчилеринин жолугушуусу өттү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG