Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

Ооган президенти жикчилерди жарашууга чакырды


Бүгүн Курман айт майрамына карата таркаткан билдирүүсүндө президент Хамид Карзай талиптерди жана башка исламчыл жикчи топторду тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө үндөдү. “Өз мекенине каршы курал алгандар куралын таштап, мамлекетти кайра бутуна тургузууга катышышы керек”, - деп айтты ал. Ушул аптанын башында талиптердин лидери молдо Мухаммад Омар тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуудан дагы бир ирет баш тарткан. Өз билдирүүсүндө Омар: “Ооган эли өлкөдө чет-өлкөлүк аскерлердин турушун узарткан эч кандай сүйлөшүүлөргө катышпайт”, - деп айтты.

XS
SM
MD
LG