Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

Жалал-Абад облусу пахта теримин бүттү


Облуста 31 миң тонна пахта жыйналганы менен анын баасы 23 сомдон ашкан жок. Пахтаны өстүрүүгө зарыл болгон каражаттардын баары андан кыйла кымбат болду. Былтыр 25 сомдон болгондо дыйкандар мээнетти актабай калды дешип, пахта аянттарын он миңдей гектарга азайтышып, ордуна эгин, жашылча-жемиш айдашкан.

Талдоочулар мамлекет тарабынан дыйкандарды коргоо жок экендигин, алар бышырган өнүмдөрдү дүйнөлүк баада сатып алып, өз өндүрүшүндө кайра иштеткенде гана жер ээлеринин эмгеги акталаарын белгилешүүдө (YA)

XS
SM
MD
LG