Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Эртең Исмаил Исаковдун соту уланат


Бул тууралуу “Азаттыкка” БЭКтин саясий кыймылынын мүчөсү, И.Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров билдирди.

Белгилүү болгондой мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго каршы прокуратура үч кылмыш ишин козгогон. Ал кылмыш иштери И.Исаков бийликтен өз каалоосу менен кетип, оппозицияга барып кошулгандан кийин башталган. Анын бирөөсү Балкычыдагы аскердик техникалардын жоголушу, экинчиси уулуна квартира берилиши, үчүнчүсү аскердик майрамдарды белгилөөдө тамак-ашка каражаттын бөлүнүшү боюнча кылмыш иштери. И.Исаков үч айыптоону тең четке кагып, бардык учурда баш мыйзамдын, мыйзамдардын жана аскердик уставдын негизинде иш жүргүзгөнүн айтып келатат. Ал өзүнө каршы козголгон кылмыш иштерин саясий буюртма катары баалоодо. (IJz)

XS
SM
MD
LG