Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:17

Швейцарияда мечит мунараларына тыюу салынат


Бул маселе кечээ өткөн жалпы элдик референдумда колдоо тапты. Жергиликтүү ATS жаңылыктар агенттиги маалымдагандай, референдумда мечит мунараларынын курулушуна тыюу салууну швейцариялык шайлоочулардын добуш берүүгө келгендеринин 57%ы колдогон. Референдумдун жыйынтыгына ылайык, Швейцарияда эми буга чейин курулган мечиттердеги мунаралар сакталып кала берет, бирок жаңы салынуучу мечиттерде мунаралар орнотулбоого тийиш. Бул маселе референдумга улутчул маанайдагы Элдик партия тарабынан сунуш кылынды. Ал саясий уюмдун пикиринде, мечит мунарасы бийлик үчүн күрөштү туюнтат жана анын түпкү мүдөөсү – Швейцарияны исламдык өлкөгө айландыруу болуп саналат.

XS
SM
MD
LG