Баш прокуратура Ош шаарындагы №25 тергөө абагынын кызматкерлерине “шалаакылык” деген айып менен кылмыш ишин козгоп, үч адам камакка алынды. Буга аталган жайдан өмүрүнүн акырына чейин кесилген үч кылмышкердин качып кетиши себеп болгон. Бул иш боюнча тергөө Баш прокуратуранын өтө маанилүү кылмыштар боюнча башкармалыгына тапшырылды. (EBM)