Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

И. Исаковду 8 жыл эркинен ажыратуу суралууда


Бүгүн мурунку коргоо министри Исмаил Исаковго байланыштуу сот уланууда. Сот процессине катышып жаткан “Азаттыктын” кабарчысынын билдиришче, анда мамлекеттик айыптоочу сүйлөп И. Исаковду сегиз жыл эркинен ажыратууну сурады. Балыкчы аскердик бөлүгүнүн командиринин орун басары Нурдин Каимовго он үч жыл берүүнү, Курал-жарак, техника боюнча башкармалыктын башчысы Таалай Сатыбалдиевди шарттуу бир жыл эркинен ажыратууну өтүндү. Айыпталып жаткандардын аскердик чинин алып үй-мүлкүн конфискациялоону сурады. Н. Каимов менен Т. Сатыбалдиевдин актоочулары мамлекеттик айыптоолорду мыйзамсыз деп билдиришти. Сот процесси түштөн кийин да уланат жана анда И. Исаков менен анын адвокаты сөз сүйлөйт. Мурунку коргоо министрине кызматынан пайдаланган деген айып коюлууда. И. Исаков өзүнө каршы ачылган кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалап келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG