Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Кырсыкка учураган поездде кыргызстандыктар жок


Бул тууралуу Кыргызстандагы Орусиянын элчилигинен билдиришти. Маалыматка караганда, 27-ноябрда Москва-Санкт-Петербург каттамындагы “Невский экспресс” поезди Новгород менен Тверь облусунун чек ара аймагынан кырсыкка учурап, темир жолдон чыгып кеткен. Андан 25 адам каза таап, жүзгө чукул адам жаракат алган. Укук коргоо кызматынын версиясына караганда, бул кырсык теракттын кесепетинен улам болгон.

Бүгүн президент Курманбек Бакиев көптөгөн адамдын курмандыгына алып келген «Невский экспресс» поездинин кыйрашына байланыштуу Орусия президенти Дмитрий Медведевге көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG