Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Беларус Батыш менен жакындашууга үмттөнүүдө


Кечээ Минскиде Италиянын премьер- министри Сильвио Берлускони болду. Бул - батыш лидеринин Беларуска акыркы он жылдан ашуун убакыт ичинде биринчи ирээт келиши. Иш сапар Беларус менен Батыштын бузулган алакасы оңоло баштаган учурга туш келди. Минскидеги сүйлөшүүлөрдүн соңунан тараптар энергия, транспорт жана космос чөйрөсүндөгү кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Италия премьер- министри Минскидеги маалымат жыйынында Беларус менен Евробиримдиктин адам укуктары жаатындагы алакасын эскерген жок. Сильвио Берлускони Минскиге келердин жуп алдында беларус парламенти шайлоо мыйзамына аны либералдаштырууну караган өзгөртүүлөрдүн киргизилүүсүн биринчи окуудан колдоду. Мыйзам долбоору парламентке президент Александр Лукашенко тарабынан сунуш кылынган.

XS
SM
MD
LG