Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

БУУнун соту Косовонун көз карандысыздыгынын мыйзамдуулугун териштирет


БУУнун баш кеңсеси Гаагада жайгашкан эл аралык сотунда бүгүн башталып жаткан угууда Косовонун Көз карандысыздык декларациясынын мыйзамдуулугу каралат. Сотко доо –арыз Сербия тарабынан жолдонгон. Косовонун жетекчилиги Сербиядан көз карандысыздыкты былтыр февраль айында жарыялаган. Ага чейин эл аралык байкоо алдында өткөн сүйлөшүүлөрдө эки тарап мунаса таба албай коюшкан болчу. Косовонун ажыроосу эл аралык мыйзамдарды бузуу менен ишке ашырылды деп эсептеген Сербия эл аралык соттон Косовонун көз карандысыздыгын таанууну токтотуучу чечим чыгарып берүүнү суранууда. БУУнун сотунун чечими мыйзамдык күчкө ээ эмес, кеңеш берүү мүнөзүндө гана болот.

Косовонун көз карандысыздыгы азыркыга чейин 60тан ашуун өлкө, анын ичине Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин көпчүлүгү жана АКШ тарабынан таанылган. Сербия жана анын өнөктөшү Орусия буга каршы болуп келүүдө

XS
SM
MD
LG