Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:58

Т. Калимбетова: Өкмөт пенсия төлөмдөрүн теңдейт


Бул тууралуу вице-премьер-министр Тажикан Калимбетова бүгүн Бишкекте Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугуп жатып билдирди. Кыргыз өкмөтү энергиянын жана жылуулуктун баасын көтөрүүдөн мурун социалдык тармакта чоң карыздар болбош үчүн баарын эсептеп-чоттоп чыкканын айтты. Тарифтердин жогорулашына байланыштуу чыгымдар төлөнүп берилерин кошумчалады. 1996-жылга чейин пенсияга чыккандар бул жылдан кийин чыккандарга караганда азыраак пенсия алышаарын бул абалды теңдөө үчүн Соцаилдык фонд ататйын программа даярдап жатканын маалымдады. Айрым адистер энергияны жана жылуулуктун баасын көтөрүүдөн келип чыккан чыгымдар үчүн өкмөттүк төлөмдөр өтө эле аз экенин, мунун айынан өлкөдө жакыр адамдар кескин көбөйөрүн айтып жатышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG