Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:30

Эл аралык сот Сербиянын Косово боюнча арызын кароодо


БУУнун Гаагадагы эл аралык соту Косовонун эгемендүүлүк жарыялашына байланыштуу Сербия берген доо арызды кароодо. Эл аралык коомчулуктун арачылыгы менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаган соң, былтыр февралда чөлкөм калкынын көпчүлүгүн түзгөн косоволук албандар Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялаган. Белграддын ырастоосунда, Косовонун бөлүнүүсү эл аралык мыйзамдарды бузуу болуп саналат. 10 күндүн ичинде сот БУУга кирген 30 чакты өлкөнүн билдирүүлөрүн угуп чыкмакчы. Эл аралык соттун бүтүмү аткарылышы милдеттүү эмес кеңеш катары каралат. Косовонун эгемендүүлүгүн 60тан ашуун мамлекет, алардын арасында Еврошаркеттин көпчүлүк өлкөлөрү жана АКШ тааныган. Анын көз карандысыздыгына Сербиянын шериги болгон Россия катуу каршылыгын билдирип келатат.

XS
SM
MD
LG