Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:01

Жалал-Абадда коомчулук ВИЧ илдеттүүлөргө терс мамиледе


Облустагы СПИД оорусун алдын алуу борборунун баш дарыгери Элмира Сатарова коомчулук кемсинтип, кодулаган ВИЧ илдеттүүлөр жашырынууга аргасыз экенин билдирди. Быйыл 53 оору катталып, иммундук таңсыктык илдетиндегилер 274 адамга жетти. Алардын 67 пайызы кеселди ийне менен, башкалары жыныстык жол менен жуктурушкан. Сыркоолордун арасында 19 бала да бар. Оору Жалал-Абадда белгилүү болгондон бери ВИЧ илдети, түрдүү кырсык жана себептер менен каттоодо турган 30 киши каза тапкан.

Бүгүн окуу жайлар менен орто мектептерде СПИДге каршы иш-чаралар өттү. Борбордун алгылыктуу иштөөсүнө дарыгерлер менен акча каражаты тартыш болууда. (YA)

XS
SM
MD
LG