Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Дэвид Милибэнд Иран тарап менен сүйлөштү


Британ тышкы иштер министри яхтачылардын иши боюнча Иран тарап менен сүйлөштү. Министр Дэвид Милибэнд ирандык кесиптеши Манучекир Моттаки менен телефон сүйлөшүүсүндө андан британ жарандарынын кармалуусу боюнча кенен-кесири түшүндүрмө берүүнү жана Иран аларды эмне кылууга ниеттенип жатканы тууралуу айтууну суранды. Дэвид Милибэнд ошондой эле камактагыларды консул менен жолуктуруу талабын кайталады жана британ тарап кармалгандар тез арада бошотулат деген үмүттө экенин да билдирди. Бул тууралуу британ Тышкы иштер министрлигинин маалыматында айтылат.

Мунун алдында Тегеран бийликтери эгер өткөн аптада Перс булуңунан кармалган британиялык беш яхтачы Ирандын деңиздеги чек арасын атайлап эле бузганы аныкталса, аларга катаал мамиле жасаларын айтышкан.

XS
SM
MD
LG