Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Швейцария мечит мунараларына тыюу салганы үчүн сынга алынды


БУУнун өкүлү Швейцарияда мечит мунараларына тыюу салынышын сынга алды. Швейцарияда ушул жекшембиде улутчул партиялардын сунушу менен өткөн референдумда ага катышкандардын 57% жаңы мечиттерде азан чакыруучу мунаралардын орнотулушуна тыюу салууну колдогон эле. БУУнун адам укуктары боюнча мекемесинин башчысы Нави Пиллай Швейцариядагы референдумдун жыйынтыгын айыптоо менен аны дискриминациялык, чет элдиктерге каршы чара катары баалады. Мечит мунараларынын курулушуна тыюу салынышын Европанын адам укуктары боюнча башкы уюму – Европа кеңеши да сынга алды. Аталган уюмдун пикиринде, адамдын эл аралык келишимдер менен корголгон фундаменталдык укуктарына тийиштүү нерсенин жалпы элдик добушка салынышынын өзү суроо жаткан маселе. Ал эми ислам өлкөлөрү референдумдун жыйынтыгына кыжырданган мамилесин билдирип, Швейцарияны сабырсыздыгын көрсөткөнү үчүн айыпташты.

XS
SM
MD
LG