Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Ошто жаштар жаңы жетекчи талап кылышууда


Оштогу бир катар саясий партиялардын жаш мүчөлөрү, жаштар уюмдарынын активисттери Ош шаардык дене-тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин жетекчиси Замир Аскаровду кызматтан кетирүү боюнча шаар башчысына кайрылуу жолдошту. Кайрылууда жаштар З.Аскаровдун алты жылдан бери аталган комитетти башкарып келатканы, бирок шаарда жаштар үчүн алгылыктуу иштер өткөрүлбөй келгенин белгилешкен. Аскаровдун ордуна жаңы, жаш жетекчи талап кылган кайрылууга «Ак Жол», «Ата Мекен», «Жаны Кыргызстан» партиясынын жаштары болуп жалпысы 56 жаш лидер кол койгон. Бирок жаштардын даттануусуна шаар башчысы Мелис Мырзакматов азырынча жооп ката элек. (JAk)

XS
SM
MD
LG