Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Президент Курманбек Бакиевге “Алтын медаль” тапшырылды


Бүгүн президент Курманбек Бакиевге Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондусунун “Алтын медалы” тапшырылды.
Сыйлыкты тапшырган Фондунун төрагасы Нусрет Мамедов мамлекет башчысынын түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон зор салымын белгиледи. Президент Курманбек Бакиев ишмердүүлүгүнүн мындайча жогору бааланышына ыраазылык билдирди. “Азыркы тапта өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты мамлекеттик институттардын гана деңгээлинде эмес, бардык деңгээлде өнүктүрүшүбүз керек. Канткен менен элдик дипломатия, маданий-гуманитардык байланыштар элдердин достугун, өз ара карым-катнашын арттырууда зор роль ойнойт эмеспи”, - деди К.Бакиев.
Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун «Алтын медалы» ХХ кылымдын улуу саясатчысы Гейдар Алиевдин сөлөкөтү түшүрүлүп, алтындан жасалат. Түрк тилдүү мамлекеттердин жакындашуусуна олуттуу салым кошкон чыгаан саясий жана коомдук ишмерлерге ыйгарылат. Бул медаль менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов сыйланган. (AzK)

XS
SM
MD
LG