Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Дагы бир укук коргоочу өлкөгө кире албай жатат


“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча ушул тапта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынан келген укук коргоочу Негина Бахрыеваны “Манас” аэропортунда өлкөгө киргизбей кармап турушат. Күч кызматкерлери тажикстандык укук коргоочу 2010-жылга чейин Кыргызстанга киргизилбесин деген көрсөтмөнүн негизинде аракеттенишкенин билдиришүүдө, дейт укук коргоочу А. Абдурасулова. Маалыматтарга караганда тажикстандык укук коргоочу Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине семинар өтүү үчүн Омбудсмендин чакыруусу менен келген.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова ушуну менен 3-укук коргоочу Кыргызстанга киргизилбей жаткандыгын белгилеп, булар Ноокат окуясына байланыштуу ишти иликтөөгө көмөктөшкөнү үчүн кыргыз бийлиги бут тосуп жатат, деп билдирди. Анын айтуусунда Негина Бахрыева Ноокат окуясынын курмандыктары боюнча БУУга атайын билдирүү даярдоого кыргызстандык укук коргоочуларга жардамдашып жаткан.

Буга чейин Орусиядагы “Мемориал” укук коргоо борборунун жетекчиси Валентин Пономарев менен дагы бир укук коргоочу Хамроев Кыргызстанга киргизилбей, келген жагына кайтарылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG