Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:50

Балыкчыда сот уланды


Бүгүнкү соттук териштирүүдө соттошуп жаткан тараптарга жарыш сөз берилди. Айыпталуучулардын адвокаттары кылмыш ишинин далили жоктугун белгилеп, соттон аларды актап берүүсүн өтүнүштү. Ал эми мамлекеттик айыптоочу Үмүт Коңкобаева айыпталуучулардын төртөөнө: үч баласы бардыгы үчүн баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган Гүлнара Жамгырчиеваны, камактагы Мирбек Бообеков, Белек Касымов жана Бакыт Асанакуновду төрт жылдан эркинен ажыратууну, калгандарын шарттуу түрдө кесүүнү сурады. Адвокат Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, мамлекеттик айыптоочу булар президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай жатканын оорлотуучу жагдай катары келтирген.

Балыкчы окуясы боюнча соттук териштирүү бүгүн саат онго белгиленип, прокурорлордун кечиккенине байланыштуу саат он төрттө башталды. Адвокат А. Бекназаровдун билдиргени боюнча, прокурорлор бул убакытта соттун кабинетинде отурушкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG