Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:55

Укук коргоочу Дүйшөмбүгө кайтарылды


Бүгүн түштөн кийин Дүйшөмбүдөн учуп келген тажикстандык укук коргоочу Негина Бахрыева “Манас” аэропортунан эле Кыргызстанга киргизилбей, кайра мекенине кайтарылды. Күч кызматкерлери ага "2010-жылга чейин өлкөгө киргизилбесин" деген көрсөтмө бардыгын билдиришти. Бул тууралуу “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова “Азаттыкка” билдирди.
Мурдараак кабарлангандай, тажикстандык укук коргоочу Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине семинар өтүү максатында Бишкекке учуп келген. Мындан тышкары ал Ноокат окуясынын жабырлануучулары тууралуу БУУга атайын билдирүү даярдоого кыргызстандык укук коргоочуларга жардам бермекчи эле.

Ноокат окуясы боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн Орусиядагы “Мемориал” укук коргоо борборунун өкүлдөрү Валентин Пономаревго Кыргызстанга кирүүгө мүмкүнчүлүк берилбей, Москвага кайтарылган. Ал эми дагы бир укук коргоочу Бахром Хамроев Ошто жүргөн жеринен Москвага депортацияланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG