Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Бүгүн Петровка окуясы боюнча сот уланат


Бул тууралуу Эркин Бүлекбаевдин адвокаттарынын бири Наргиза Абдылдаева билдирди. Анын айтымында, кезектеги соттук териштирүүдө күбөлөрдү суроо уланмакчы. Белгилүү болгондой апрель айындагы Петровка айылындагы окуя боюнча “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бүлекбаев, Сапар Аргымбаев жана Улан Рыскулов айыпталып жатат. Апрель айында Петровка айылында массалык баш-аламандык болуп, жол тосулган. Тартип коргоо органдары аталган үч адамды бул окуялардын уюштуруучусу жана катышуучусу катары айыптоодо. Ал эми алар өздөрү айыптоолорду четке кагып, саясий буйрук менен күнөөлөнүп жатканын билдиришүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG