Путиндин элден телефон аркылуу түшкөн суроолорго теледен түз ободо жооп берүүсү Бишкек убактысы боюнча 15:00до башталат. Ушуну менен Путин эл менен суроо- жооп иш чарасын сегизинчи ирээт өткөрүүдө. Бул салтты ал президент кезинде баштаган. Ал эми учурдагы президент Дмитрий Медведев азырынча эл менен телефон аркылуу суроо –жооп форматында пикир алыша элек.