Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Брюсселде НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталууда


Бүгүн башталып жаткан эки күндүк жыйындын жүрүшүндө НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Ооганстандагы кырдаалды, уюм менен Орусиянын, Украинанын, Грузиянын алакасына байланышкан маселелерди талкуулашат. Оболу бүгүн Брюсселде НАТО-Украина, НАТО-Грузия комиссияларынын жыйыны өтөт. Уюмдун өкүлдөрүнүн айтымында, бул жыйындарда көңүл Украина менен Грузия НАТОго кирүү багытында кандай жылыштарды жасай алгандыгына жана аймактык коопсуздук маселелерине бурулмакчы.

Ал эми эртең жыйында негизги көңүл НАТОнун Ооганстандагы аракеттерине бурулат. Уюмдун башкатчысы Андерс Фог Расмуссендин айтымында, НАТОго мүчө өлкөлөр Ооганстанга кошумча 5 миң аскер берери күтүлүүдө. Расмуссен бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама Ооганстан боюнча жаңы стратегияны жарыялап, кошумча 30 миң жоокер жөнөтүлөрүн билдирген соң айтты. АКШнын 30 миң жоокери менен бирге НАТОго мүчө өлкөлөрдөн 5 миң аскер барса, келерки жылдын жайына карата Ооганстандагы чет элдик күчтөрдүн саны 140 миңге жетет.

Жума күнү Брюсселде НАТО – Орусия кеңешинин да жыйыны өтөт. Ага орус тышкы иштер министри Сергей Лавров да катышмакчы.

XS
SM
MD
LG