Ирандык зыяратчылар Сириянын баш калаасындагы шийи мусулмандарынын ыйык деп эсептелген жерине зыяратка баратышкан экен. Алар отурган автобус май куюуучу бекетте жарылып кетти. Ондогон адамдар жаракат алышты. Бул терактпы же автобус башка себептерден улам жарылганбы, – азырынча тактала элек. Акыркы ирет Сирияда былтыр жарылуу болгон. Дүрмөттөлгөн автоунаанын жарылуусунан 17 адам мүрт кеткен эле.