Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:54

Пакистан премьери Усама бин-Ладен Пакистанда жүргөнүнө ишенбейт


Юсуф Реза Гилани “ал-Каида” лидери Пакистан аймагында жашырынып жүрөт деген маалыматтарга ишенбээри туралуу Лондондо сапарда жүргөн жеринен айтты. Ал ошондой эле АКШ президенти Барак Обаманын Ооганстанга кошумча 30 миң аскер жөнөтүү жөнүндөгү чечимине ачык колдоо көргөзүүдөн баш тартты. Пакистан премьеринин айтымында, жаңы стратегиянын оош-кыйышын баалоо үчүн аларга убакыт зарыл жана Исламабад кошумча күчтүн жайгаштырылуусу, АКШнын Пакистанга жардамды көбөйтүү пландары боюнча кененирээк малымат алууну көздөйт. Пакистан өкмөт башчысы Лондонго британ премьер Гордон Браун өткөн айда Исламабадды Усама бин-Ладенди таап, жок кылуу үчүн көбүрөөк аракеттенүүгө үндөгөн соң келди. Бир катар эксперттер буга чейин билдирип келгендей, “ал-Каида” лидери Пакистандын Ооганстан менен чектеш, уруулар жашаган аймагында башкалкалап жүрүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG