Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:29

Түркмөнстанда 4 миңдей адамга мунапыс берилди


Мамлекеттик теленин билдиргенине караганда, президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун чечимине ылайык, абактан чыгуучу 4 миңдей кишинин арасында 19 чет элдик да бар. Бирок алар кайсыл өлкөнүн жарандары экени айтылбады. Расмий маалымат каражаттары жарыялаган тизмеге караганда, мунапыс алгандар арасында саясий айыпкерлер жок. Абактагыларга массалык түрдө мунапыс берүү тажрыйбасы Түркмөнстанда утур-утур кайталанып турат. Бирок азыркы мунапыс Бердымухаммедов президенттикке келген 2006-жылдын декабрынан бери сан жагынан алганда алардын эң ириси болду. Мунапыс Түркмөнстандын 12 –декабрда белгиленүүчү Нейтралдуулук күнүнүн урматына берилген. Түркмөн өкмөтү абактагы адамдардын санын эч убакта жарыялаган эмес жана эл аралык Кызыл Чырым комитетинин түрмөлөрдөгү абал менен таанышуусуна жол бербей келүүдө. Мунапыс быйылкы жылы ичи эле үчүнчү ирээт жарыяланып олтурат. Биринчиси 19-февралда белгиленген Желек күнүндө, андан кийинкиси ыйык Рамазан айы учурундагы Кадыр түндү утурлай берилген.

XS
SM
MD
LG