Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Тажик укук коргоочусу Кыргызстанга киригизилген жок


Хьюман Райтс Уотч (Human Rights Watch) эл аралык уюмунун тараткан маалыматына караганда, Тажикстандык адам укугун коргоочу Нигина Бахриеваны Кыргызстандын чек арачылары “Манас” аба майданынан өлкө аймагына киргизбей койгон. Ал Бишкекке “Эркиндик үнү” коомдук корунун чакыруусу менен Акыйкатчы институтунун жана Жогорку Кеңештин кызматкерлерине адам укугу боюнча тренинг өткөрүү үчүн келмек болгон. “Манас” аба майданынын паспорттук көзөмөл бекетинен Нигина Багриевага 2019-жылга чейин Кыргызстандын аймагына кирүүгө тыйуу салынганын айтышкан.

Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы бул боюнча “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тартты.

Н.Багриева үстүбүздөгү жылы сентябрь айында Бишкекте адам укуктарын коргоодо эл аралык механизмдерди колдонуу боюнча тренингге катышкан.

Ал адам укуктары боюнча таанымал эл аралык эксперт, Тажикстандын Акыйкатчысынын кеңешчиси, Тажикстандагы Сорос корунун башкармалгынын мүчөсү, мурда Тажикстандын адам укугу жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча бюросун жетектеген.

Эки жума мурда Орусиянын “Мемориал” укук коргоо уюмунун өкүлү Бахром Хамраев Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматкерлери тарабынан өлкө аймагынан күч менен чыгарылган. 26-февралда “Мемориалдын” Борбор Азия программасынын директору Виталий Пономаревду “Манас” аба майданынан Кыргызстанга киргизбей коюшкан. Былтыр ноябрь айында Норвегиянын укук коргоочусу Ивар Далини күч органдары Кыргызстанга киргизбей койгон. (AJ)

XS
SM
MD
LG