Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:25

Непал министрлери Эверестке чыгышты


Непалдын өкмөтү Эвересттеги альпинисттер базасында жыйын өткөрдү. Кабинеттин 24 мүчөсү дүйнөдөгү эң бийик чокуга чогулуу менен аба ырайынын ысышы Гималай тоолоруна чоң коркунуч келтирип жатканын дагы бир жолу белгилешти. Бир нече күндөн кийин, 7-декабрда Копенгагенде климат боюнча саммит башталат. Адистер Гималайдагы мөңгүлөрдүн тездик менен эрип жатышын кооптонуу менен белгилешет. Алар эрип жок болсо, Азиянын көптөгөн өлкөлөрү кургакчылыкка туш болушмакчы. Аймакта 1,3 миллиарддай адам Гималайда башат алган дарыялардан көз каранды.

XS
SM
MD
LG