Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Румыниядагы шайлоодо азыркы президент алдыга чыкты


Шайлоонун кечээ өткөн экинчи айлампасындагы бюллентендердин дээрлик баары (99,3%) саналгандан кийинки маалыматка караганда, азыркы президент Траян Бэсеску добуштардын 50,37%ын топтогон. Ал эми анын атаандашы Мирче Жоане добуштардын 49,62%ын алды. Шайлоонун соңку расмий жыйынтыгы бүгүн кечке жуук чыгарылары күтүлүүдө. Кечээ шайлоо бекеттери жабылган өз жеңиштери тууралуу эки талапкер тең жарыялашкан. Шайлоодо жеңип чыккан президент Румыниянын жаңы өкмөтүн дайындайт. Жаңы өкмөттүн биринчи кезектеги милдеттеринин бири Эл аралык валюта кору менен 20 миллиард доллардык насыя боюнча сүйлөшүү өткөрүү. Өлкөдөгү саясий кризистен улам кор өткөн айда насыя программасын токтотуп койгон.

XS
SM
MD
LG