Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Петровка чатагы боюнча күбөлөр көрсөтмө берет


4 жашар кыздын зордолушунан улам келип чыккан баш-аламандыкка байланыштуу соттук териштирүү Москва райондук маданият үйүндө жүргүзүлүүдө. 26-апрелде Петровкада баш-аламандык уюштурган деген айып менен оппозициянын мүчөлөрү “Жашылдар” партиясынын төрагасы Э. Бөлөкбаев, “Болуш” бирикмесинин жетекчиси С. Аргынбаев жана укук коргоочу Уран Рыскулов соттолууда. Булар өздөрүнө коюлган айыпты саясий куугунтук деп эсептешет.

Петровка чатагынын чыгышына күрт улутундагы жигит 4 жашар кызды зордуктап, жазаланбай ээн-эркин жүргөнү себеп берген. Буга кыжырданган эле айылдагы күрт аттуулардын баарын көчүп кетүүсүн талап кылышып, натыйжада бир канча үй талкаланган. Петровка чатагына байланыштуу Москва районунун акими, райондук ИИБнүн жетекчиси, райондук прокурор кызматынан алынышкан. Ал эми 4 жашар кызды зордуктады деп айыпталган Абдулла Осмонов сот тарабынан 20 жылга эркинен ажыратылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG