Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:34

ОшМУнун профессору Орусиянын сыйлыктарына татыды


Ош мамлекеттик университетинин профессору Байыш Арапов Орусиянын табият таануу академиясынын мүчө корреспондентти болуп шайланды. Мындан сырткары Орусиялык академия кыргыз окумуштуусуна «Илим жана билимге эмгек сиңирген ишмер» наамын тапшырып, «Вернадский» атындагы күмүш медаль менен сыйлады. Орусиялык сайттардан алынган маалыматтарга караганда Б. Арапов «Орусиянын таанымал окумуштуулары» энциклопедиясынын тизмесине да киргизилди. Окумуштуу учурда ОшМУнун эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасын жетектейт. Ал бул сыйлыктарга жаш окумуштууларды даярдоого кошкон салымы үчүн жана космостук нурдануу багытында Орусия менен Кыргызстандык окумуштуулардын биргелешкен илимий изилдөөдө жасаган эмгеги үчүн татыды. (JAk)

XS
SM
MD
LG