Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:40

Пакистанда 12 киши бомбадан ажал тапты


Пакистан полициясынын маалыматына караганда, Мултан шаарындагы жардыруулардан бери дегенде 12 адамдын каза тапканы, дагы бир нече адамдын жаркат алганы айтылууда. Жардыруудан бир катар имараттар, анын ичинде атайын кызматка тиешелүү имарат да жабыр тарткан. Пакистан өкмөтү талиптерге каршы өлкөнүн түндүк-батышында күрөштү күчөткөндөн кийин жардыруулар да көбөйдү. Дүйшөмбүдө Лахор шаарында болгон ошондой капсалаңдан 48 адам мерт кетти.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG