Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Орусияда өрттөн каза тапкандардын саны 117ге жетти


Орусиянын Пермь шаарындагы «Аксак ат» деп аталган түнкү клубда чыккан өрттөн каза тапкандардын саны 117ге жетти. Катуу жаракат алгандардын дагы төртөө өткөн түнү ооруканада каза табышты. Орус премьер-министри Владимир Путин Пермге барып, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты жана алардын үй-бүлөсүнүн ар бирине 17 миңден доллар компенсация бөлүнөрүн билдирди. Полиция болсо түнкү клубдун кожоюнун жана дагы эки менеджерин өрт коопсуздугун сактабаганы үчүн камакка алды. Орусияда дүйшөмбү күн аза күтүү күнү болду.

XS
SM
MD
LG